Загрузка документа…
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезексиз 12-отуруму
2025-жылдын 10-октябры № 12/1
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын
22-сентябрындагы «Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө» №270 Жарлыгын ишке ашыруу жөнүндө
Гүлчө айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезексиз 12-отуруму, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы «Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө» №270 Жарлыгын ишке ашыруу, Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү, делегаттарды шайлоо боюнча уюштуруу маселелери жөнүндө талкуулап, Кезектеги IV Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча негизги иш-чаралардын календардык планына ылайык, Гүлчө айыл аймагы боюнча Кезектеги IV Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоого карата жергиликтүү коомдоштуктардын жыйындарын уюштуруу жана өткөрүү, жумушчу топтун курамын бекитүү боюнча мыйзамда белгиленген тартипте иш алып баруу максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айыл аймагында Кезектеги IV Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо иштерин уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы төмөндөгүдөй болуп бекитилсин.
2. Кезектеги IV Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча Гүлчө айыл аймагында бөлүнгөн бөлүктөрдө жарандардын жыйындарын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жыйындардын графиги, өтүлүүчү жайлар, жыйынга катышуучу өкүлдөрдүн саны тиешелүү аймактык бөлүктөргө бөлүү ченемдери, жыйындарды өткөрүүгө жооптуу жергиликтүү кеңештин депутаттарынын тизмеси бекитилсин.
3. Кезектеги IV Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жумушчу топтун курамына ар тараптан көмөк көрсөтүү жагы Гүлчө айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
4.Коомдоштуктардын жыйындарынын протоколдору жумушчу тобуна тапшырылсын.
5. Кезектеги IV Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча чаралардын көрүлүшү тууралуу жана алардан келип чыккан укуктук маселелерин жөнгө салууга байланышкан тиешелүү маалыматтарды жана жергиликтүү коомдоштуктун жыйындарынын протоколдору, делегаттардын толтурулган анкеталары, делегаттардын тиешелүү документтери менен иш алып баруу жагы кеңештин жооптуу катчысына жүктөлсүн.
6. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага: |
| А.Б. Самиев |