Загрузка документа…
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезексиз 12-отуруму
2025-жылдын 10-октябры № 12/2
Гүлчө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдагы жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүндө бекитилген сметасынын үнөмдөлгөн беренелерден өндүрүштүк зарылчылыкка байланыштуу кээ бир беренелерге жылдыруу жана тактоо жөнүндө
Гүлчө айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезексиз 12-отуруму, экономика жана бюджет комиссиясынын талкуусун угуп, 2025-жылдын 10-октябрындагы протоколунун негизинде Кыргыз Республикасынын 20.10.2021.№123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктуна ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын бюджет кодексинин 115-беренесине ылайык, Гүлчө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдагы жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүндө бекитилген сметасынын үнөмдөлгөн беренелерден өндүрүштүк зарылчылыкка байланыштуу кээ бир беренелерге жылдыруу жана тактоо жагы каралсын.
К/н | Бөлүмдөрдүн аталышы | Берененин аталышы | берене | 4-квартал | |
көбөйтүү | азайтуу | ||||
1 | Бала бакча | Түрдүү чыгымдар | 2215 | 165 |
|
2 | Бала бакча | Ички ремонт | 2221 |
| 388,4 |
3 | Бала бакча | чарба товар | 2222 | 220 |
|
4 | Бала бакча | Машиналар жана жабдуулар | 3112 | 510 |
|
5 | Орто мектеп |
| 2215 | 165,0 |
|
6 | Орто мектеп | Ички ремонт | 2221 | 380 |
|
7 | Орто мектеп | чарба товар | 2222 | 193,0 |
|
8 | Экономикалык суроолор | Түрдүү чыгымдар | 2215 | 650,1 |
|
9 | Экономикалык | Имараттар | 3111 |
| 1894,7 |
|
|
|
|
|
|
| суроолор | жана курулмалар |
|
|
|
| Жалпы |
|
| 2283,1 | 2283,1 |
2. Жогорудагы акча каражатын 2025-жылдын бекитилген сметасынын чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизип берүү жагы Кыргыз Республикасынын Финансы министирлигинин Алай финансы башкармалыгынан суралсын.
3. Кабыл алынган токтомдун мыйзам чегинде аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөт башчысы Н.Тажибаевге жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Э.Каныбек кызына милдеттендирилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: |
| А.Б. Самиев |