Загрузка документа…
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезексиз 12-отуруму
2025-жылдын 10-октябры № 12/3
Алай райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Бапаев Чыңгыз Арстанбековичке, Гүлчө айылдык кеңеши тарабынан
«Гүлчө айыл аймагынын ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө
Гүлчө айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезексиз 12-отуруму, депутаттардын сунушу боюнча, Алай райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Бапаев Чыңгыз Арстанбековичке, Алай районуна, анын ичинде Гүлчө айыл аймагынын өсүп-өнүгүүсү үчүн бир нече инвестициялык долбоорлорду тартып, элдин жашоо шартын, Гүлчө айыл аймагындагы инфраструктураны жакшыртууда жасаган эбегейсиз зор эмгеги жана Гүлчө айылынын шаар макамын алууда көрсөткөн салымы үчүн «Гүлчө айыл аймагынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө талкуулап, «Ардактуу атуул» наамын ыйгаруу тартиби жөнүндөгү Жобонун талаптарына ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Алай райондук жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Бапаев Чыңгыз Арстанбековичке, Гүлчө айылдык кеңеши тарабынан «Гүлчө айыл аймагынын Ардактуу атуулу» наамы ыйгарылсын.
2.Ушул кабыл алынган токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук, депутаттык этика жана кеңештин иштери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: |
| А.Б. Самиев |