Загрузка документа…
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезексиз 12-отуруму
2025-жылдын 10-октябры № 12/4
Гүлчө айыл өкмөтүнүн алдындагы «Гүлчө коммуналдык чарба» муниципалдык ишканасынын таштанды чыгаруу кызматы үчүн пландан тышкары ашыкча түшкөн 275 735 сом акча каражатын «Гүлчө коммуналдык чарба» муниципалдык ишканасынын муктаждыктарын чечүү үчүн жылдыруу жөнүндө
Гүлчө айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезексиз 12-отуруму, Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Э.Тажибаевдин Гүлчө айыл өкмөтүнүн алдындагы «Гүлчө коммуналдык чарба» муниципалдык ишканасынын таштанды чыгаруу кызматы үчүн, 2025-жылга карата план болуп бекитилген 985 000 миң сом акча каражаты толугу менен аткарылып, бүгүнкү күнгө 1 260 735 сом акча каражаты түшкөн. Пландан тышкары ашыкча түшкөн 275 735сом акча каражатын «Гүлчө коммуналдык чарба» муниципалдык ишканасынын муктаждыктарын чечүү үчүн жылдыруу жөнүндө билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 20.10.2021.№123«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 2-5-пунктуна ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу «Гүлчө коммуналдык чарба» муниципалдык ишканасынын таштанды чыгарууда пландан тышкары келип түшкөн 275 735 сом акча каражатын аталган ишкананын муктаждыктарын чечүү үчүн мыйзам чегинде жылдырып берүү жагы каралсын.
2.Жогорудагы акча каражатын 2025-жылдын бекитилген сметасынын кирешелер бөлүгүнүн планына өзгөртүү киргизип берүү жагы Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Алай башкармалыгынан суралсын.
3. Кабыл алынган токтомдун мыйзам чегинде аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөт башчысы Н.Тажибаевге жана финансы бөлүмүнүн башчысы Каныбек кызы Эркинайга милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: |
| А.Б. Самиев |