Загрузка документа…
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезексиз 12-отуруму
2025-жылдын 10-октябры № 12/5
Совет бийлигин орнотууда жана агартуу жаатында жасаган бир нече эмгектердин ээси жана мамлекеттик кызматтарда өрнөктүү өмүр кечирген коомдук ишмер, маркум Аматов Өмүрзактын айкелин Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу Алымбек датка сейил багынын ичине орнотууга макулдук берүү жөнүндө
Гүлчө айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезексиз 12-отуруму, кенештин мыйзамдуулук жана жер маселеси боюнча туруктуу комиссияларынын отурумундагы протоколдорунун негизинде, Алай районунун Жан-Шоро кыштагында төрөлүп өскөн, совет бийлигинин орнотууда, агартууда эмгеги сиңген, коомдук ишмер, маркум Аматов Өмүрзак жөнүндө билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 1-пунктунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айыл аймагынын Алымбек датка сейил багынын ичинде жайгашкан эстелик, айкелдердин катарынан, маркум Аматов Өмүрзактын айкелин орнотуу үчүн макулдук берилсин.
2. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Тажибаевге милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө жагы Гүлчө айыл аймагынын айылдык кенешинин агрардык жана жер реформасы, муниципалдык менчик, жол жана коммуникация боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: |
| А.Б. Самиев |