Загрузка документа…
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезексиз 12-отуруму
2025-жылдын 10-октябры № 12/6
Гүлчө айылынын И.Умаров көчөсүнүн №22 үйүнүн тургуну Машаев Бактыбектин турак-жайына тиешелүү жер тилкесине токтом чыгарып берүү жөнүндө
Гүлчө айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезексиз 12-отуруму, жер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы У.Тажибаевдин Машаев Бактыбектин турак-жайына тиешелүү жер тилкесине токтом чыгарып берүү жөнүндө билдирүүсүн угуп,талкуулап, Кыргыз Республикасынын 20.10.2021.№123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 1-пунктарынын негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 44-беренесин, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 265-беренесин, 2022-жылдын 17-мартындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган Кыргыз Республикасынын укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө мыйзамынын 8-беренесин, Жерге жайгаштыруу жана укукту мамлекеттик каттоо Алай райондук башкармалыгынын кадастрдык чиймелерин жана Гүлчө айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын кезексиз 47-отурумунун №47/2 токтомун жетекчиликке алып, Гүлчө айыл аймагындагы калктуу конуштарда 2004-жылы мамлекеттик жалпы (системалык) каттоо жүргөн мезгилде укук катталбай калган кыймылсыз мүлк бирдиктерин мыйзамдаштыруу жагы Гүлчө айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
2. Юридикалык документин даярдап берүү жагы Алай архитектура жана шаар куруу башкармалыгына ошондой эле жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Алай филиалына сунуш кылынсын.
3. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын мыйзам чегинде камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Тажибаевге милдеттендирилсин.
Төрага: |
| А.Б. Самиев |