Загрузка документа…
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезексиз 12-отуруму
2025-жылдын 10-октябры № 12/7
Гүлчө айылдык кеңеши тарабынан 2025-жылдын 08-августунда кабыл алынган, Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу Курманжан датка айылындагы муниципалдык менчиктеги 5-01-04-1010-0426 идентификациялык сыр белгидеги, аянты 26910, 50 чарчы метр жана 5-01-04-1010-0428 идентификациялык сыр белгидеги, аянты 7500, 50 чарчы метр айыл чарба багытындагы жер тилкелеринин максаттуу багытын көп кабаттуу турак-жай курууга өзгөртүп берүү жөнүндөгү №10/3 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Гүлчө айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезексиз 12-отуруму, Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Тажибаевдин сунушу менен кабыл алынган, Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу Курманжан датка айылындагы муниципалдык менчиктеги 5-01-04-1010-0426 идентификациялык сыр белгидеги, аянты 26910, 50 чарчы метр айыл чарба багытындагы жер тилкесинин максаттуу багытын Гүлчө айыл өкмөтүнүн жарандары үчүн көп кабаттуу турак-жай курууга өзгөртүүгө жана 5-0,1-04-1010-0428 идентификациялык сыр белгидеги, аянты 7500, 50 чарчы метр айыл чарба багытындагы жер тилкесинин максаттуу багытын балдар бакчасын курууга өзгөртүп берүү жөнүндө баяндамасын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 12-беренесине жана “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 5-беренесинин 3-бөлүмүнө, Кыргыз Республикасынын 20.10.2021. №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 5-пунктуна ылайык,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу Курманжан датка айылындагы муниципалдык менчикте турган 5-01-04-1010-0426 идентификациялык сыр белгидеги, аянты 26 910, 50 чарчы метр жер тилкесине, Гүлчө айыл өкмөтүнүн жарандары үчүн көп кабаттуу турак-жай курууга макулдук берилсин.
2. Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу, муниципалдык менчиктеги 5-0,1-04-1010-0428 идентификациялык сыр белгидеги, аянты 7500, 50 чарчы метр жер айыл чарба багытындагы жер тилкесинин максаттуу багытын балдар бакчасын куруу үчүн өзгөртүлүп берилсин.
3.Тиешелүү иш-кагаздарын мыйзам чегинде тактап, иш-алып баруу жагы Гүлчө айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси Р.Какаровго милдеттендирилсин.
4. Юридикалык документтерин тактап, даярдап берүү жагы Алай райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Алай филиалына сунушталсын.
5. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын мыйзам чегинде камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Тажибаевге милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө жагы Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңешинин агрардык жана жер реформасы, муниципалдык менчик боюнча маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: |
| А.Б. Самиев |