Загрузка документа…
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезексиз 12-отуруму
2025-жылдын 10-октябры № 12/8
Гүлчө айылдык кеңеши тарабынан ушул 2025-жылдын 08-августунда кабыл алынган Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу Курманжан датка айылындагы муниципалдык менчиктеги 5-01-04-1010-0426 идентификациялык сыр белгидеги 26910,50 чарчы метр жана 5-0,1-04-1010-0428 идентификациялык сыр белгидеги 7500, 50 чарчы метр болгон жер тилкесине Мамлекеттик ипотекалык компаниясы тарабынан Гүлчө айыл өкмөтүнүн жарандары үчүн көп кабаттуу үй курууга макулдук берүү жөнүндөгү №10/4 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Гүлчө айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезексиз 12-отуруму, Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Тажибаевдин, Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу Курманжан датка айылындагы муниципалдык менчикте турган 5-01-04-1010-0426 идентификациялык сыр белгидеги, аянты 26910, 50 чарчы метр болгон жер тилкесине Гүлчө айыл өкмөтүнүн жарандары үчүн Мамлекеттик ипотекалык компаниясы тарабынан көп кабаттуу үй курууга макулдук берүү жөнүндө баяндамасын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 5-беренесинин 3-бөлүмүнө, Кыргыз Республикасынын 20.10.2021. №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 5-17-пунктуна ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу Курманжан датка айылындагы муниципалдык менчиктеги 5-01-04-1010-0426 идентификациялык сыр белгидеги аянты 26910, 50 чарчы метр болгон жер тилкелерине Мамлекеттик ипотекалык компаниясы тарабынан Гүлчө айыл өкмөтүнүн жарандары үчүн көп кабаттуу үй курууга макулдук берилсин.
2. Тиешелүү иш-кагаздарын мыйзам чегинде тактап, иш-алып баруу жагы Гүлчө айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси Р.Какаровго милдеттендирилсин.
3. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын мыйзам чегинде камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Тажибаевге милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө жагы Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңешинин агрардык жана жер реформасы, муниципалдык менчик боюнча маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: |
| А.Б. Самиев |