Загрузка документа…
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезексиз 12-отуруму
2025-жылдын 10-октябры № 12/9
Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу Курманжан датка айылындагы муниципалдык менчикте турган 5-01-04-1010-0426 идентификациялык сыр белгидеги 26910, 50 чарчы метр жер тилкесине Мамлекеттик ипотекалык компаниясы тарабынан Гүлчө айыл өкмөтүнүн жарандары үчүн көп кабаттууга үй курууга Мамлекеттик ипотекалык компаниясына өткөрүп берүү жөнүндө
Гүлчө айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезексиз 12-отуруму, Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Тажибаевдин, Курманжан датка айылындагы муниципалдык менчикте турган 5-01-04-1010-0426 идентификациялык сыр белгидеги аянты 26910, 50 чарчы метр жер тилкесине Гүлчө айылынын жарандарына көп кабаттуу үй куруу үчүн Мамлекеттик ипотекалык компаниясына өткөрүп берүү жөнүндөгү баяндамасын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамынын 5-беренесинин 3-бөлүмүнө, Кыргыз Республикасынын 20.10.2021. №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 5-17-пунктуна ылайык,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу Курманжан датка айылындагы муниципалдык менчикте турган 5-01-04-1010-0426 идентификациялык сыр белгидеги аянты 26910, 50 чарчы метр жер тилкесине Гүлчө айыл өкмөтүнүн жарандары үчүн көп кабаттуу үй курууга Мамлекеттик ипотекалык компаниясына өткөрүлүп берилсин.
2.Тиешелүү иш-кагаздарын мыйзам чегинде тактап, иш-алып баруу жагы Гүлчө айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси Р.Какаровго милдеттендирилсин.
3. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын мыйзам чегинде камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Тажибаевге милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө жагы Гүлчө айыл аймагынын айылдык кеңешинин агрардык жана жер реформасы, муниципалдык менчик боюнча маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: |
| А.Б. Самиев |