Загрузка документа…
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезексиз 12-отуруму
2025-жылдын 10-октябры № 12/10
Гүлчө айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги Алымбек датка сейил багынын ичине жайкы кинотеатр куруу жана Т.Отунчиев атындагы орто мектебинин жылуулук системасын жаңылоо боюнча дем берүүчү (үлүштүк) грантка сунушталган долбоорго өздүк салым жөнүндө
Гүлчө айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын депутаттарынын кезексиз 12-отуруму, айыл өкмөт башчысы Н.Э.Тажибаевдин Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу Алымбек датка сейил багынын ичине жайкы кинотеатр жана Т.Отунчиев атындагы орто мектебинин жылуулук системасын жаңылоо үчүн дем берүүчү (үлүштүк) грантка сунушталып жаткан долбоорго карата өздүк салым жөнүндө билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 20.10.2021-жылдагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 5-2-пунктуна ылайык,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айыл өкмөтүнүн 2026-жылга үлүштүк дем берүүчү грантка сунушталган Алымбек датка сейил багынын ичине жайкы кинотеатр куруу үчүн 2 505 045 ( эки млн беш жүз беш миң кырк беш) сом жана Т.Отунчиев атындагы орто мектебинин жылуулук системасын жаңылоо боюнча – 635 000 (алты жүз отуз беш миң) сомдук жалпысынан 3 140 045 (үч млн бир жүз кырк миң кырк беш ) сом өздүк салым үчүн Гүлчө айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен бөлүнүп берилсин.
2. Кабыл алынган токтомго тиешелүү иш-кагаздарын тактап, даярдоо жана токтомдун мыйзам чегинде аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөт башчысы Н.Тажибаевге жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Каныбек кызы Эркинайга милдеттендирилсин милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика, бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: |
| А.Б. Самиев |