Загрузка документа…
ТОКТОМ
Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги IX сессиясы
2025-жылдын 10-октябры № 9/1
Жергиликтүү коомдоштуктардын жыйындарын уюштуруу жана өткөрүү
боюнча жумушчу топтун курамын, жооптуу жергиликтүү кеңештин
депутаттарын жана жыйын өтүлүүчү жерин жана өткөрүү графигин бекитүү жөнүндө
Жергиликтүү коомдоштуктардын жыйындарын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамын жана жыйналыштардын өтүлүүчү графигин бекитүү Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы №270 “Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү” жөнүндө жарлыгына ылайык, Курултайды өткөрүү делегаттарды шайлоо жана координациялоо боюнча уюштуруу комитетинин 2025-жылдын 25-сентябрындагы №1 протоколунун негизинде Баш-Булак айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баш-Булак айыл өкмөтүнүн аймагында аймагында жергиликтүү коомдоштуктардын жыйындарын өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Баш-Булак айыл өкмөтүнүн аймагында IV Элдик Курултайды уюштуруу боюнча иш-чаралар планы №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Баш-Булак айыл өкмөтүнүн аймагында жергиликтүү коомдоштуктардын жыйындарын өткөрүү боюнча делегаттардын саны өткөрүү жайы жана графиги №3 тиркемеге ылайык бекитилсин .
4. Баш - Булак айыл өкмөтүнүн жетекчилигине жергиликтүү коомдоштуктардын жыйындарын өткөрүүгө көмөк көрсөтүү жагы тапшырылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы өзүмө калтырам.
Төрага: |
| А. Бакиров |