Загрузка документа…
ТОКТОМ
Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги IX сессиясы
2025-жылдын 10-октябры № 9/8
Баш-Булак айыл өкмөтүнүн бюджетине 2025-жылдын тогуз ай ичинде ашыкча түшкөн акча каражаты жөнүнд
Баш-Булак айыл өкмөтүнүн финансы – экономика бөлүмүнүн башчысы К.Кайназарованын айыл өкмөттүн 9 ай ичинде бюджетке патенттин негизиндеги салык боюнча 1000000 (бир миллион) сом ашыкча түшүүлөр болгонун угуп жана талкуулап Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Баш-Булак айыл өкмөтүнүн бюджетине 9 ай ичинде бюджетке 11122300 (патенттин негизиндеги салык боюнча ашыкча түшкөн 1000000 (бир миллион) сом киреше бөлүгүнө бекитилсин.
2.Баш-Булак айыл өкмөтүнүн бюджетине 9 айда ашыкча түшкөн 1000000 (бир миллион) сом чыгаша бөлүгүнө бекитилсин.
3.Айыл өкмөтүнүн чыгашалар бөлүгүнүн сарпталуусун статьялар боюнча мыйзам чегинде сарпталууну камсыздоо жагы Баш-Булак айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4.Ушул токтомду көзөмөлдөө жагы депутаттардын Баш-Булак айылдык кеңешинин финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: |
| А. Бакиров |