Загрузка документа…
ТОКТОМ
Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги IX сессиясы
2025-жылдын 10-октябры № 9/9
Баш-Булак айыл аймагында калктын тынчтыгын жана эс алуу убактысын камсыз кылуу тартиби жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы №54 Жарлыгынын жана “Тынчтык жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын ишке ашыруу жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34- беренесине таянып, Баш-Булак айылдык кенеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24- февралындагы №54 Жарлыгынын жана “Тынчтык жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын ишке ашыруу максатында калктын тынчтыгын жана эс алуу убактысын камсыз кылуу тартиби жөнүндө Жобосу 1- тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Айыл аймакта калктын тынчтыгын жана эс алуу убактысын камсыз кылуу тартиби жөнүндө Жобонун аткарылышын жана ирээтке келтирүү жагы Баш-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан түзүлгөн көзөмөлдөөчү комиссиясына милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Баш-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.З.Балтабаевге жана Бузуулар боюнча түзүлгөн комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: |
| А. Бакиров |