Загрузка документа…
ТОКТОМ
Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги IX сессиясы
2025-жылдын 10-октябры № 9/10
Баш-Булак айыл аймагындагы Талдык айылынын Жылга көчөсүнө
«Сыдыков Токтомурат» атындагы көчө деп ысым берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Географиялык аталыштар жөнүндө” мыйзамынын 6-беренесине ылайык жана ошол көчөнүн жашоочуларынын протоколунун негизинде, Кичик айылынын тургуну Сыдыков Токтомураттын баласы Сыдыков Кубанычтын арызын карап чыгып жана талкуулап Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеӊеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Баш-Булак айыл аймагынын Талдык айылынын Жылга көчөсүнө «Сыдыков Токтомурат» атындагы көчө деп ысым берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык, маданий маселелер, билим берүү, саламаттык сактоо, тил жана каада-салт боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: |
| А. Бакиров |