Редакцияот 28.11.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

                                                                                                         

Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги I сессиясынын

 

  2024-жылдын 28-ноябрындагы №2

 

«Айылдык кеңештин төрагасынын орун

басарын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө»

 

Абдырасулов Нурбек Акжигитович

 Эсептө комиссиясынын 2024-жылдын №3-протоколун жана Эсептөө комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агентигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56- буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1.Эсептөө комиссиясынын айылдык кеңештин төрагасынын орун басарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө 2024-жылдын №3-протоколу бекитилсин.

2.Кыз-Көл айылдык кеңештин төрагасынын орун басары болуп шайлангандыгы таанылсын.

3.Бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актларынын мамлекеттик реестрине жайгаштыруу үчүн Жалал-Абад облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

4. Аталган токтом Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланып, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актларынын мамлекеттик реестрине жайгаштырылгандан кийин мыйзамдуу күчүнө кирет.

5.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

 

 

 

Кыз-Көл айылдык кеңешинин төрагасы:

 

        К.Кушбаков