Редакцияот 15.05.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

КАРА-КАМЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Камыш айыл аймагынын Кара-Камыш айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз II сессиясынын

 

2025-жылдын 15-январы №2/1

 

“Кара-Камыш айылдык кеңешинин регламентин бекитүү жөнүндө”

           

Кара-Камыш айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартипти сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун угуп, талкуулап, Кара-Камыш айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз экинчи сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Кара-Камыш айылдык кеңешинин регламенти тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркеме 25 баракта).

 

2.Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберүү жагы жооптуу катчы Кубанычбек уулу Фархатка милдеттендирилсин.

 

3.Ушул токтом Кара-Камыш айыл өкмөтүнүн kara-kamysh.gov.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.

 

 

 

 

 

Төрага:

Айтымбет уулу Э

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кара-Камыш айылдык кеңешинин 2025-жылынын 15-январындагы “2/1 токтомуна тиркеме

 

Кара-Камыш айылдык кеңешинин

РЕГЛАМЕНТИ

ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР

1. Кара-Камыш айылдык кеңеши

2. Айылдык кеңештин ыйгарым укуктары

 

АЙЫЛДЫК КЕҢЕШТИН СТРУКТУРАСЫ ЖАНА ОРГАНДАРЫ

 

3. Айылдык кеңештин төрагасы жана орун басары

4. Айылдык кеңештин төрагасынын ыйгарым укуктары

5. Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары

6. Айылдык кеңештин төрагасынын жана анын орун басарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу

7. Айылдык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссиялары

8. Айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын ыйгарым укуктары

9. Туруктуу комиссиялардын жыйындары

10. Туруктуу комиссиянын төрагасынын ыйгарым укуктары

11. Туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү

12. Депутаттык топтор

 

АЙЫЛДЫК КЕҢЕШТИН ИШИН УЮШТУРУУ

 

13.  Айылдык кеңештин биринчи (уюштуруу) сессиясы

14. Айылдык кеңештин жана анын органдарынын ишин пландаштыруу

15. Айылдык кеңештин сессиясын даярдоонун жана өткөрүүнүн тартиби

16. Айылдык кеңештин кезексиз сессиясы

17. Сессиянын күн тартиби

18. Айылдык кеңештин сессиясындагы депутаттын укугу жана милдети

19. Депутаттык этика

20. Депутаттарга карата колдонулуучу чаралар

21. Айылдык кеңештин сессияларына, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарына депутат эмес адамдардын катышуу тартиби

АЙЫЛДЫК КЕҢЕШТИН ЧЕНЕМ ЖАРАТУУ ИШИ.  АЙЫЛДЫК КЕҢЕШТИН ТОКТОМДОРУН ДАЯРДООНУН, КИРГИЗҮҮНҮН, КАРООНУН ЖАНА КАБЫЛ АЛУУНУН ТАРТИБИ

 

22. Токтомдун формасына жана түзүмүнө коюлуучу жалпы талаптар

23. Айылдык кеңешке токтомдун долбоорун киргизүүнүн тартиби

24. Айылдык кеңештин сессияларында маселелерди кароонун тартиби

25. Чыгып сүйлөөлөрдүн түрү жана алардын узактыгы

26. Жарыш сөз (талкуулоо)

27. Айылдык кеңештин сессиясында чечим кабыл алуу

28. Добуш берүү жана анын түрлөрү

29. Эсептөө комиссиясынын иши

30. Кабыл алынган токтомдордун күчүнө киришинин тартиби

31. Айылдык кеңештин сессиясынын жана анын органдарынын протоколу

32. Айылдык кеңештин токтомдорунун аткарылышын көзөмөлдөө

 

АЙЫЛДЫК КЕҢЕШТИН АЙРЫМ ЫЙГАРЫМ УКУКТАРЫН ИШКЕ АШЫРУУНУН ТАРТИБИ

 

33. Жергиликтүү бюджетти киргизүүнүн жана бекитүүнүн тартиби

34. Айылдык кеңештин айыл аймактын тургундарынын элдик ченем чыгаруу демилгесин кароо

35. Айылдык кеңештин мамлекеттик бийлик органдары менен өз ара аракети

36.  Айылдык кеңештин жарандык коомдун уюмдары менен өз ара аракети жана кызматташтыгы

37.  Шайлоочулар менен иштөөнүн тартиби

38. Айылдык кеңештин ишмердүүлүгүнүн айкындуулугу

39. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы

40. Регламентке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн тартиби

Кара-Камыш айылдык кеңешинин бул Регламенти Кыргыз Республикасынын Конституциясына, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндөгү” жана «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнундө» мыйзамдарына ылайык иштелип чыкты.

ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР

 

1. Кара-Камыш айылдык кеңеши

1.1.  Кара-Камыш айылдык кеңеши – айыл аймакта жашаган жарандар тарабынан жалпыга бирдей, тең, түз жана жашыруун добуш берүү аркылуу 5 жылдык мөөнөткө шайланган, 21 депутаттан турган, өзүнүн ишин коллегиялдык негизде жүзөгө ашырган, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы болуп саналат.

1.2. Кара-Камыш айылдык кеңеши, Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана мыйзамдарында каралган ыйгарым укуктарынын чегинде айыл аймагынын калкынын кызыкчылыгын колдойт жана тиешелүү аткаруучу органдар аркылуу маселелерди чечет жана ал чечимдердин аткарылышына көзөмөл кылат.

1.3. Айылдык кеңештин сессиялары, туруктуу жана убактылуу комиссиялардын жыйындары, депутаттык жана бюджеттик угуулар, кеңештин иши менен байланышкан башка иш-чаралар айылдык кеңештин ишинин формалары болуп эсептелинет.

1.4. Айылдык кеңештин иши мыйзамдуулук, коллегиялдуулук, обьективдүүлүк, маселелерди талкуулоону жана чечимдерди кабыл алууну эркин жүргүзүү принциптерине негизделет.

1.5. Айылдык кеңештин Регламенти Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу тартибин, жол-жобосун жана анын ишин уюштурууну аныктайт.

1.6. Айылдык кеңештин өзүнө таандык мөөрү, штампы жана символикалары бар бланктары, банктык мекемелерде эсептик счету, жеке мүлкү бар, өз милдеттери боюнча жооп бере алган юридикалык жак, мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарын жана милдеттерин ишке ашыра алат, сотто жооп берүүчү жана дооматчы боло алат.

2. Айылдык кеңештин ыйгарым укуктары

2.1. Айылдык кеңеш Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган ыйгарым укуктарынын чегинде, ушул регламентте белгиленген тартипте алар боюнча маселелерди кароого жана чечим кабыл алууга укуктуу.

2.2. Айылдык кеңештин сессиясында төмөнкүдөй маселелер каралат:

1)   жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнүн тартибин белгилөө;

2) жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, ошондой эле бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттен тышкаркы фонддорду пайдалануу жөнүндө маалыматты угуу;

3) аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун программаларын бекитүү, программалардын аткарылышы жөнүндө отчетту угуу;

4) жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана алар боюнча жеңилдиктерди киргизүү, ошондой эле мыйзамдарда каралган учурларда алар боюнча ставкаларды аныктоо;

5) муниципалдык менчикти пайдалануу жана тескөө тартибин бекитүү, муниципалдык менчикти пайдаланууга көзөмөлдү ишке ашыруу:

а) муниципалдык менчик обьектилеринин реестрин бекитүү;

б) муниципалдык менчиктин объектилерин менчиктештирүү программасын бекитүү;

в) муниципалдык менчик обьектилерин ипотекага же күрөөгө коюуга жана ижарага берүүгө макулдук берүү;

г) муниципалдык менчик обьектилерин сатууга, объектилерди муниципалдык менчикке сатып алууга макулдук берүү;

д) муниципалдык менчикти эсептен чыгаруунун тартибин белгилөө.

5) айыл өкмөтунүн иши жөнүндө айыл өкмөт башчысынын отчетун угуу;

6) тиешелүү мамлекеттик органдардын кароосуна киргизүү максатында административдик-аймактык түзүлүш боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;

7) кеңештин төрагасын, анын орун басарын шайлоо, аларды кызмат орундарынан бошотуу, кеңештин төрагасынын мыйзамдарга карама-каршы келген чечимдерин жокко чыгаруу;

8)   кеңештин регламентин бекитүү;

9)   айылдык кеңештин жылдык иш планын бекитүү;

10) айылдык кеңештин туруктуу (убактылуу) комиссияларын түзүү жана жоюу, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жеке курамын бекитүү жана алардын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү, отчетторун угуу;

11)  өз чечимдеринин аткарылышына көзөмөлдүк кылуу;

12) ичүүчү сууну, канализацияны, жылуулук менен жабдууну пайдалануу үчүн, ошондой эле турмуш-тиричиликтин катуу калдыктарын чогултуу, ташып чыгаруу жана жок кылуу, башка коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн тарифтерди мыйзамдарга ылайык бекитүү;

13) жалпы пайдалануудагы автомобиль транспортунда жүргүнчүлөрдү ташууга тарифтерди бекитүү;