Загрузка документа…
МАНАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Манас шаардык кеңешинин Х чакырылышынын
кезектеги XVII сессиясы
2025-жылдын 8-октябры №8
«Манас шаарынын аймагында жайгашкан айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун (КБФ) жерлерин ижарага берүү боюнча тарифтерин бекитүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 22.06.2007-жылдагы №243-токтому менен бекитилген “Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу” типтүү Жобого ылайык, Манас шаарынын мэриясынын 02.10.2025-жылдагы №01-18/6080 сандуу каты жана ага тиркелген иш кагаздары Манас шаардык депутаттар кеӊешинин кеӊейтилген жыйынында каралып, Манас шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Манас шаарынын аймагында жайгашкан айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун (КБФ) жерлерин ижарага берүү боюнча тарифтери №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жерди пайдалануу, архитектура, турак-жай, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
1. Ушул токтом Манас шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
Болотов Н.Б. |
|
Манас шаардык депутаттар кеңешинин 08-октябрь 2025-жылдагы кезектеги XVII сессиясынын №8-токтомуна №1-тиркеме |
Манас шаарынын аймагында жайгашкан айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун (КБФ) жерлерин ижарага берүү боюнча тарифтери
Жердин багыты
| Жер аянты | Баштапкы баасы |
Сугат айдоо жер | 1,0 га | 7500 |
Шарттуу сугат жер | 1,0 га | 5000 |
Кайракы жер | 1,0 га | 1500 |
Чөп орок жер | 1,0 га | 1300 |
Чөп орок Кызыл-Суу айылы үчүн | 1,0 га | 700 |
Бак-дарак | 1,0 га | 7000 |
Жооптуу катчы |
Осмонова Г.О. |