Загрузка документа…
МАНАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Манас шаардык кеңешинин Х чакырылышынын
кезектеги XVII сессиясы
2025-жылдын 8-октябры №9
«Манас шаарындагы жеке менчик жер тилкелерин муниципалдык менчикке өткөрүп алуу жана өткөрүп берүү жөнүндө »
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” мыйзамынын 5-беренесине ылайык, Манас шаарынын мэриясынын 08.10.2025-жылдагы чыг.№01-18/6257 сандуу каты, Манас шаардык депутаттар кеӊешинин кеӊейтилген жыйынында каралып, Манас шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Манас шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине төмөндөгү жер тилкелерди кабыл алууга макулдук берилсин:
· Манас шаарынын Р.Азимова көчөсүнүн №63/5 дарегинде жайгашкан О.М.Шерматовго таандык (индентификациялык номери 3-10-01-0022-6756) жалпы аянты 100,0 чарчы метр компенсация төлөө жолу менен;
· Манас шаарынын Р.Азимова көчөсүнүн №63/4 дарегинде жайгашкан О.М.Шерматовго таандык (индентификациялык номери 3-10-01-0022-6756) жалпы аянты 100,0 чарчы метр компенсация төлөө жолу менен;
· Манас шаарынын Р.Азимова көчөсүнүн №63/8 дарегинде жайгашкан М.Т.Жунусалиевге таандык (индентификациялык номери 3-10-01-0022-6752) жалпы аянты 250,00 чарчы метр компенсация төлөө жолу менен;
· Манас шаарынын Р.Азимова көчөсүнүн №63/9 дарегинде жайгашкан М.Т.Жунусалиевге таандык (индентификациялык номери 3-10-01-0022-6718) жалпы аянты 150,0 чарчы метр компенсация төлөө жолу менен;
· Манас шаарынын Р.Азимова көчөсүнүн №63/3 дарегинде жайгашкан М.М.Бабашевге таандык (индентификациялык номери 3-10-01-0022-6754) жалпы аянты 100,0 чарчы метр компенсация төлөө жолу менен;
· Манас шаарынын Р.Азимова көчөсүнүн №63/7 дарегинде жайгашкан Т.М.Режавалиевге таандык (индентификациялык номери 3-10-01-0022-6761) жалпы аянты 100,0 чарчы метр компенсация төлөө жолу менен;
· Манас шаарынын Р.Азимова көчөсүнүн №63/2 дарегинде жайгашкан Д.Ш.Жолболдуевага таандык (индентификациялык номери 3-10-01-0022-6762) жалпы аянты 127,5 чарчы метр башка жерден ижара шартында жер тилкесин берүү жолу менен;
· Манас шаарынын Р.Азимова көчөсүнүн №151а дарегинде жайгашкан Э.Р.Сатарбаевге таандык (индентификациялык номери 3-10-01-0022-6757) жалпы аянты 100,0 чарчы метр;
2. Манас шаарынын Курманбек көчөсүнүн №4а дарегинде жайгашкан жалпы аянты 99,0 чарчы метр муниципалдык жер тилкени Э.Р.Сатарбаевге алмашуу жолу менен өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
3. Манас шаарынын мэрине (Э.Ормоков), Манас шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгынын башчысына (Ж.Бөрүкулов) жер тилкелерди өткөрүп алууда жана өткөрүп берүүдө Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын сактоо менен иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жерди пайдалануу, архитектура, турак-жай, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
6. Ушул токтом Манас шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
Болотов Н.Б. |