Загрузка документа…
МАНАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Манас шаардык кеңешинин Х чакырылышынын
кезектеги XVII сессиясы
2025-жылдын 8-октябры №10
«Манас шаарынын Ю.Абдрахманов көчөсү №6 дарегиндеги администрадивдик имаратындагы жыйын өтүүчү залдарынын тарифин бекитүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” мыйзамынын 19-беренесине ылайык, Манас шаарынын мэриясынын 02.10.2025-жылдагы чыг.№01-18/6081 сандуу каты, Манас шаардык депутаттар кеӊешинин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясында каралып, Манас шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Манас шаарынын Ю.Абдрахманов көчөсү 6 дарегинде жайгашкан административдик имараттын жыйын өтүүчү залдардын тарифтери №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Манас шаарынын мэри (Э.Ормоков), Манас шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлк башкармалыгынын башчысы (С.Эргешов) ушул токтомдун негизинде иш жүргүзүү жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
1. Ушул токтом Манас шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
Болотов Н.Б. |
|
Манас шаардык депутаттар кеңештин 08.10.2025-жылдагы кезектеги XVII сессиясынын №10-токтомуна №1-тиркеме
|
№ | Зал | 2 саат | 4 саат | 8 саат |
1. | 500 орундуу чоң жыйын залы | 40 000 сом | 75 000 сом | 140 000 сом |
2. | 250 орундуу жыйын залы | 28 500 сом | 50 000 сом | 80 000 сом |
3. | 82 орундуу VIP тегерек залы | 15 000 сом | 25 000 сом | 40 000 сом |
4. | 22 орундуу кичи жыйындар залы | 8000 сом | 12 000 сом | 16 000 сом |
Жооптуу катчы |
Осмонова Г.О. |