Загрузка документа…
МАНАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Манас шаардык кеңешинин Х чакырылышынын
кезектеги XVII сессиясы
2025-жылдын 8-октябры №11
«Манас шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигиндеги
сыналгыларды өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” мыйзамына ылайык, Манас шаарынын мэриясынын 07.10.2025-жылдагы чыг.№01-18/6219 сандуу каты, Манас шаардык депутаттар кеӊешинин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясында каралып, Манас шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Манас шаардык депутаттар кеңешинин 29.05.2025-жылдагы кезектеги IX сессиясынын №4-токтомунун 1-пунктундагы “40 (кырк) даана” деген сөз “50 (элүү) даана” болуп өзгөртүлсүн.
2. Манас шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигиндеги сыналгыларды төмөндөгү мекемелерге өткөрүп берүүгө макулдук берилсин:
· 28 даана Smart (45) үлгүсүндөгү сыналгыларды Манас шаардык билим берүү бөлүмүнө;
· 4 даана Smart (55) үлгүсүндөгү сыналгыларды Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратына;
· 1 даана Smart (55) жана 1 даана Smart (45) үлгүсүндөгү сыналгыларды Манас шаардык депутаттар кеңешине.
3. Манас шаарынын мэриясынын Мүлк башкармалыгынын башчысына (С.Эргешов) мүлктөрдү өткөрүп берүүдө мыйзам талаптарын сактоо менен иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
6. Ушул токтом Манас шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
Болотов Н.Б. |