Загрузка документа…
МАНАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Манас шаардык кеңешинин Х чакырылышынын
кезектеги XVII сессиясы
2025-жылдын 8-октябры №12
«Манас шаардык кеңешинин 14.04.2015-жылдагы кезектеги
XXII сессиясынын №10-токтомуна өзгөртүү
жана толуктоо киргизүү жөнүндө»
Манас шаарынын мэриясынын 06.10.2025-жылдагы чыг.№01-18/6175 сандуу каты, Манас шаардык депутаттар кеӊешинин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясында каралып, Манас шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Манас шаардык кеңешинин 14.04.2015-жылдагы кезектеги XXII сессиясынын №10-токтомунун 2-пунктундагы отундун баасы «1м3 600 сом» деген сөздөр «1м3 3000 сом» болуп өзгөртүлсүн.
2. Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Көрктөндүрүү жана жашындандыруу чарбасынын жетекчисине (И.Абдурасулов) отунду сатуудан түшкөн акча каражатын мекеменин атайын эсебине түшүрүү жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Манас шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
Болотов Н.Б. |