Загрузка документа…
МАНАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Манас шаардык кеңешинин Х чакырылышынын
кезектеги XVII сессиясы
2025-жылдын 8-октябры №13
«Манас шаардык депутаттар кеӊешинин X чакырылышынын 07.07.2025-жылдагы кезексиз X сессиясынын №3 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 22.06.2007-жылдагы №243-токтому менен бекитилген “Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу” типтүү Жобого ылайык, Манас шаарынын мэриясынын 06.10.2025-жылдагы чыг.№01-18/6199 сандуу катын жерди пайдалануу, архитектура, турак-жай, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып, Манас шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги XVII cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Манас шаардык депутаттар кеӊешинин X чакырылышынын 07.07.2025-жылдагы кезексиз X сессиясынын №3 токтомунун №1 тиркемесине өзгөртүү киргизилсин.
2. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин жерди пайдалануу, архитектура, турак-жай, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом Манас шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
Болотов Н.Б. |