Загрузка документа…
МАНАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Манас шаардык кеңешинин Х чакырылышынын
кезектеги XVII сессиясы
2025-жылдын 8-октябры №14
«Манас шаарынын мэриясынын муниципалдык имаратынан
иш бөлмө бөлүп берүү жөнүндө»
Манас шаарынын мэриясынын 07.09.2025-жылдагы №01-18/6229 жана №01-18/6231 сандуу катты Манас шаардык депутаттар кеӊешинин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын карап, Манас шаардык депутаттар кеӊешинин кезектеги XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Манас шаарынын Н.Айтматова көчөсүнүн №13 дарегинде жайгашкан муниципалдык имараттан төмөндөгүлөргө иш бөлмөлөрдү акысыз убактылуу пайдаланууга бөлүп берүүгө макулдук берилсин:
· Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад областынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу ассоциациясына 1 (бир);
· Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Жалал-Абад облусу боюнча өкүлчүлүгүнө 2 (эки).
2. Манас шаарынын мэрине (Э.Ормоков), Манас шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлк башкармалыгынын башчысына (С.Эргешов) мүлктөрдү өткөрүп берүүдө мыйзам талаптарын сактоо менен иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Манас шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
Болотов Н.Б. |