Загрузка документа…
МАНАС ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Манас шаардык кеңешинин Х чакырылышынын
кезектеги XVII сессиясы
2025-жылдын 8-октябры №15
«Манас шаарына насостук станцияны, суткалык жөнгө салуу резервуарын, өткөргүч түтүктү жана ирригациялык тармактарды куруу үчүн бөлүнгөн акча каражатына макулдук берүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 78-беренесине, Кыргыз Респбуликасынын Президентинин 2025-жылдын 1-октябрындагы №329 сандуу тескемесине ылайык, Манас шаарынын мэриясынын 07.10.2025-жылдагы чыг.№01-18/6250 сандуу катынын негизинде, Манас шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги XVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондунан Манас шаарына насостук станцияны, суткалык жөнгө салуу резервуарын, өткөргүч түтүктү жана ирригациялык тармактарды куруу максатында бөлүнгөн 350 000 000 (үч жүз элүү миллион) сом акча каражатын пайдаланууга макулдук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондунан Манас шаарына насостук станцияны, суткалык жөнгө салуу резервуарын, өткөргүч түтүктү жана ирригациялык тармактарды курууга бөлүнгөн акча каражатын Манас шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш департаменти аркылуу каржылоо жагы милдеттендирилсин.
3. Манас шаарынын мэрине (Э.Ормоков) жогорудагы долбоорду ишке ашыруу боюнча мыйзамдын талаптарын сактоо менен иш жүргүзүү жагы жүктөлсүн.
4. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүүгө жиберүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
6. Ушул токтом Манас шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
Болотов Н.Б. |