Загрузка документа…
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-ноябрындагы N 715 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын аскер комиссариаттары жөнүндө жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Кыргыз Республикасынын аскер комиссариаттары жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын аскер комиссариаттарынын системасын түзүүнүн негизги принциптерин, алардын баш ийүүсүн, милдеттерин, отчеттуулугун, аларды күтүүнү жана камсыз кылууну, ошондой эле алардын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрациялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүү тартибин аныктайт.
2. Аскер комиссариаттары райондордогу жана шаарлардагы аскердик башкаруунун жергиликтүү органдары болуп саналат.
3. Аскер комиссариаттары өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын, тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, коргоо министринин, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысынын буйруктарын, директиваларын, тескемелерин жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
4. Аскер комиссариаттары Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрациялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө, башка аскердик түзүлүштөрүнө жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарына чакыруу жана жиберүү (жеткирүү) үчүн адам жана транспорт ресурстарын даярдоо аркылуу Кыргыз Республикасынын коргонуу жаатындагы маселелерин түздөн-түз чечет.
5. Коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашуу боюнча райондордо жана шаарларда Кыргыз Республикасынын аскер комиссариаттарын түзөт. Айрым учурларда бир нече аймактык түзүлүштөр үчүн бириктирилген аскер комиссариаттары түзүлүшү мүмкүн. Чакырылуучуларды жана аскерге милдеттүүлөрдү аскердик кызматка жана окуу жыйындарына уюшкандыкта жиберүү үчүн Республикалык топтоо пункту жана топтоо пункттары түзүлөт.
6. Аскер комиссариаттарынын ишин уюштурууну коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Башкы уюштуруу-мобилизациялоо башкармалыгы жүргүзөт.
7. Аскер комиссариаттары коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген штаттар боюнча кармалат.
8. Аскер комиссариаттарынын штаттык кызмат орундарын аскер кызматчылары менен комплекттөө коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген алардын уюштуруу-штаттык түзүмүнө ылайык аскер комиссарларынын сунушу боюнча Башкы уюштуруу-мобилизациялоо башкармалыгы тарабынан жүргүзүлөт. Аскер кызматчыларын тандоо, аларды аскер комиссариаттарынын кызмат орундарына дайындоо, ошондой эле аскер кызматчыларын алардын кызмат орундарынан бошотуу контракт боюнча аскердик кызмат өтөө тартиби жөнүндө жоболорго ылайык жүргүзүлөт. Аскер комиссариаттарынын аскер кызматчыларын атайын даярдоо жана кайра даярдоо Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн офицерлерин окутуунун жалпы системасында, ошондой эле атайын курстарда жана жыйындарда жүргүзүлөт.
9. Аскер комиссариаттары Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына аскер комиссариаттарына жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн тартылган дарыгер-адистер, орто медициналык персонал жана техникалык кызматкерлер, байланыш каражаттары, транспорт жана башка материалдык каражаттар менен аскер комиссариаттарын күчтөндүрүү аппаратынын(*) курамы жөнүндө кабарлайт.
Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнө мобилизациялык жана каттоо-чакыруу маселелери боюнча документтер менен иштөө үчүн аскер комиссариаттарына кирүүгө белгиленген тартипте уруксат берилет.
10. Аскер комиссариаттарынын мобилизациялык даярдыгынын жана кызматтык ишинин абалын текшерүүнү Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабы жана коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан түзүлгөн комиссиялар жүргүзөт. Текшерүү комплекстүү же айрым элементтер боюнча пландуу жана пландан тышкары жүргүзүлүшү мүмкүн.
11. Аскер комиссариаты юридикалык жак болуп эсептелет, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, өзүнүн аталышы менен мөөрү, ошондой эле алыш-бериш эсеби бар.
2-глава. Аскер комиссариаттарынын негизги милдеттери
12. Аскер комиссариаттарынын негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп эсептелет:
1) адам жана транспорт ресурстарын мобилизациялоо пландарын, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын мобилизациялык керектөөлөрүн канааттандыруу маселелери боюнча сунуштарды иштеп чыгуу, ошондой эле мобилизациялык жайылтуу базасын (**) өркүндөтүү;
2) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн, башка аскердик түзүлүштөрүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарын толук комплекттөө үчүн мобилизациялык ресурстарды дайындоо боюнча Башкы уюштуруу-мобилизациялоо башкармалыгынын наряддарын, аскердик бөлүктөрдүн командирлеринин өтүнмөлөрүн аткаруу;
3) Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарына ылайык мобилизациялык планда жана тапшырмаларда белгиленген мөөнөттө жана көлөмдөрдө мобилизация боюнча чакыруу, адам ресурстарын жиберүү жана аскердик бөлүктөргө техникаларды жеткирүү;
4) Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте Кыргыз Республикасынын аймагында адам ресурстарынын мобилизациясын моралдык-психологиялык камсыз кылуу боюнча ишти уюштуруу;
5) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн, башка аскердик түзүлүштөрүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарын мобилизациялык план боюнча кепилденген жана сапаттуу комплекттөө максатында адам жана транспорт ресурстарын топтоо;
6) запаста турган жарандарга, транспорт каражаттарына ээ болгон уюмдардын жетекчилерине аскердик абал жана согуш мезгилиндеги мобилизациялоодо иш-аракетке мобилизациялык жазма буйруктарды жана наряддарды тапшыруу;
7) мобилизациялоодо Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө, башка аскердик түзүлүштөрүнө жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарына өткөрүп берүүгө техникаларды даярдоону пландоодо уюмдарга көмөк көрсөтүү жана аскердик-транспорттук милдеттерди уюштуруунун аткарылышын контролдоо;
8) менчигинин түрүнө карабастан байланыш органдары, байланыш уюмдары менен биргеликте өзгөчө кырдаалдарда жана мобилизация мезгилинде байланыш линияларын пайдалануу тартибин иштеп чыгууга катышуу;
9) жол кыймылынын коопсуздугу маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бөлүмдөрү менен биргеликте транспорт каражаттарынын техникалык абалын көзөмөлдөө жана контролдоо, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө, башка аскердик түзүлүштөрүнө жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарына мобилизациялоо боюнча жеткирүү үчүн арналган техниканы аскер комиссариаттарынын тизмеси боюнча тандалган мамлекеттик техникалык кароодон өткөрүүгө катышуу;
10) аскер комиссариаттарын согуш мезгилинин штаттарына чейин комплекттөө үчүн арналган, аскер комиссариаттарын күчтөндүрүү аппаратына тартылуучу запаста турган жарандар, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, уюмдардын кадрдык жана аскердик-каттоо органдарынын кызматкерлери, мобилизациялык иш-чараларды камсыз кылуу, Кыргыз Республикасынын жарандарын аскердик кызматка даярдоо, аларды чакыруу жана өз ыктыяры менен аскердик кызматка кирүүсү, ошондой эле аларды аскердик жыйындарга чакыруу боюнча ишке тартылган дарыгер-адистер, орто медициналык персонал жана техникалык кызматкерлер менен практикалык сабактарды өткөрүү;
11) уюмдарды мобилизациялык даярдык, аскердик каттоо жана брондоо маселелери боюнча комплекстүү же айрым элементтер боюнча текшерүү;
12) согуш мезгилинде жарандарды милдеттүү жалпы окутуучу окуу пункттарын түзүү боюнча иш-чараларды пландоо;
13) алгачкы аскердик каттоого коюу боюнча иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү;
14) Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте запаста турбаган жарандарды аскердик жана альтернативдик кызматка чакырууну уюштуруу;
15) аскердик кызматта турбаган жарандардын арасынан контракт боюнча аскердик кызматка алуу, ошондой эле аскердик жыйындарга чакыруу үчүн талапкерлерди тандоо;
16) Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жарандарды алгачкы аскердик каттоого коюуда, аскердик жана альтернативдик кызматка чакырууда, аскердик кызматка кирүүдө жана аскердик жыйындарга чакырууда өз убагында медициналык күбөлөндүрүүнү, медициналык текшерүүнү жана медициналык кароону камсыз кылуу;
17) орто жана кесиптик билим берүүнүн билим берүү мекемелерине, коомдук бирикмелерге жарандарды аскердик кызматка милдеттүү жана ыктыярдуу даярдоого көмөк көрсөтүү жана практикалык жардам көрсөтүү;
18) кесиптик билим берүүнүн аскердик мекемелерине тапшыруу үчүн жарандарды тандоо;
19) жарандарды каттоону уюштуруу жана укук коргоо органдары менен биргеликте аскердик жана альтернативдик кызматка чакыруудан качкан жана аскердик кызмат өтөө жерин өз эрки менен таштап кеткен адамдарга карата чараларды көрүү;
20) аскердик кызматка чакырылууга тийиш болгон, запаста турган, запаска киргизилбеген, аскердик жана альтернативдик кызматка чакырылууга тийиш эмес, бирок аскердик каттоого турууга милдеттүү жарандарды аскердик каттоо, ошондой эле согуш мезгилинде Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында пайдаланылышы мүмкүн болгон уюмдардын транспорт каражаттарын жана жарандардын жеке транспорт каражаттарын, байланыш каражаттары менен жабдылган автомобилдерди каттоо, менчигинин түрүнө карабастан бардык уюмдарда каттоонун жүргүзүлүшүн контролдоо;
21) Кыргыз Республикасынын жарандарын аскердик жана альтернативдик кызматка чакыруу мөөнөтүн кийинкиге калтырууну тариздөө;
22) коопсуздук кызматынын органдары тарабынан текшерүүлөрдү жүргүзүү үчүн материалдарды даярдоо жана аскердик кызматка чакырылууга тийиш болгон, запаста турган жарандарды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө, башка аскердик түзүлүштөрүнө жана мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарына аскердик кызматка кирүү жана кесиптик билим берүүнүн аскердик мекемелерине окууга тапшыруу үчүн жарандарды тандоо;
23) Ата Мекенди коргоо же башка мамлекеттердин аймагындагы согуштук аракеттерге, өзгөчө кырдаалдар зоналарындагы кыйроолордун, кырсыктардын кесепеттерин жоюуга катышкан запаста турган жарандарды каттоону жүргүзүү; аларга Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын атынан сыйлыктарды тапшыруу боюнча ишти уюштуруу;
24) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлигинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук жана диний бирикмелер, жалпыга маалымдоо каражаттары менен аскер кызматчыларын, аскердик кызматтан бошотулган жарандарды жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүн социалдык-укуктук коргоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүү;
25) аскердик кызматтан бошотулган, аскердик кызмат өтөөдө курман болгон же каза болгон жарандарга, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилген жеңилдиктерди, кепилдиктерди жана компенсацияларды ишке ашырууга көмөк көрсөтүү;
26) аскердик кызматтан бошотулган жарандарга жана башка адамдарга алардын же алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн Улуу Ата Мекендик согушка, башка мамлекеттердин аймагындагы согуштук аракеттерге, башка согуштук аракеттерге катышкандыгын ырастаган архивдик документтерди, ошондой эле алган жаракаттын, контузиялардын, мертинүүнүн жана оорулардын аскердик кызматты өтөөгө байланышкан себебин аныктоо боюнча маселелерди чечүүдө документтерди издөөгө көмөк көрсөтүү;
27) аскердик кызматты өтөөдө курман болгон же каза болгон аскер кызматчыларынын үй-бүлөсүнө же туугандарына кабарлоо;
28) аскердик гарнизон жок жерлерде Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзамда аскердик кызмат каралган аткаруу бийлигинин органдарынын аскер кызматчыларынын жана пенсионерлеринин сөөгүн коюуга көмөк көрсөтүү жана сөөк коюуну уюштуруу;
29) Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук жана диний бирикмелердин Ата Мекенди коргоодо курман болгондорду издөө жана атын эстеликке калтыруу боюнча иштерине катышуу;
30) калкты аскердик-патриоттук тарбиялоого катышуу жана жарандардын аскердик кызматка ыктыярдуу кирүүсүн камсыз кылуу максатында маалыматтык-жарнамалоо иштерин жүргүзүү;
31) компетенциясынын чегинде укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүштү жүргүзүү.