Редакцияот 20.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СЫН-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ

 

2023-жылдын 20-сентябры № 127/14-28

 

Сын-Таш айыл аймагын  өнүктүрүүгө өздүк салым кошуу жөнүндө

 

Сын-Таш айыл аймагынын 2024-жылга карата социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын аткаруу үчүн, Сын-Таш айыл Кеңеши

ТОКТОМ КАБЫЛ АЛАТ:

1. Сын-Таш айыл  аймагын өнүктүрүүгө  төмөнкү долбоорлор даярдалсын:

- “Коопсуз Сын-Таш” аймака видеокөзөмөл орнотуу.

- Жетиген айылына мектеп куруу.

-  Өтөгөн айылын жарыктандыруу.

- Ак-Сай айылынын клубун ремонттоо.

- К.Шакиров атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин эшик жана терезелерин алмаштыруу.

-Сын-Таш айыл аймагына парк куруу.

- Д.Мамашева атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин башталгыч мектебинин имаратына капиталдык ремонт жүргүзүү.

- Ж.Алыбаев атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин чатырын алмаштыруу.

- Сын-Таш айыл аймагына спорт комплекс куруу.

- Өтөгөн айылына бала бакча куруу.ң

- Совет айылына мини футбол талаасын куруу.

- Өтөгөн айылына мини футбол талаасын куруу.

-Кызыл-Арык айылына балдар аянтчасын куруу.

2. Сын-Таш айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын бюджетинен эркин жүгүртүүдөгү калдыкдан, жогорудагы долбоорлорго  6 000 000 (алты миллион) сом  өздүк салым каралсын.

3. Жогорудагы токтомдун көзөмөлү финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлөт.

 

 

Сын-Таш айыл

кеңешинин төрагасы:

 

Джолдошбеков Э.Б.