Загрузка документа…
КЫЗ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги V сессиясынын
2025-жылдын 28-майындагы №2
«2025-жылдын 26-мартындагы кезексиз
I сессиясында чыгарылган № 8-9-10-
токтомдорду жокко чыгаруу жөнүндө»
Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин депуттаттары жергиликтүү мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө Мыйзамынын 39-беренесинин 5-бөлүгүнүн негизинде кезектеги V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 26-мартындагы кезексиз I сессиясында каралган Чымчык-Жар айлынын тургундарына “Көк-Бөрү”оюунун ойноо үчүн жер аянтын бөлүп берүү боюнча №8- токтому жокко чыгарылсын.
2.Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 26-мартындагы кезексиз I сессиясында каралган Чымчык-Жар айылынын тургундарына Спорттук комплекс куруу үчүн жер аянтын бөлүп берүү боюнча №9- токтому жокко чыгарылсын.
3.Кыз-Көл айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 26-мартындагы кезексиз I сессиясында каралган Чымчык-Жар айлынын тургундарына “Эс алуу багы ” үчүн жер аянтын бөлүп берүү боюнча №10- токтому жокко чыгарылсын.
4.Бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актларынын мамлекеттик реестрине жайгаштыруу үчүн Жалал-Абад облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5.Аталган токтом Кыз-Көл айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланып, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актларынын мамлекеттик реестрине жайгаштырылгандан кийин мыйзамдуу күчүнө кирет.
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Кыз-Көл айылдык кеңешинин төрагасы: |
К.Кушбаков |