ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Жазы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги он бешинчи сессиясы
2023-жылдын 13-январындагы № 14/75
“Жазы аймактык Таза-Суу” муниципалдык ишканасынын 2023-жылга бюджетин жана штаттык бирдигин бекитүү жөнүндө
“Жазы аймактык Таза-Суу” муниципалдык ишканасынын 2023-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө маселе айылдык кеңештин бюджет, экономика, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясында алдын ала каралып алардын сунуштарынын негизинде Жазы айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. “Жазы аймактык Таза-Суу” муниципалдык ишканасынын 2022-жылга бюджети кирешелер жана чыгашалары 1 331 127 сомго жана штаттык бирдиги бекитилсин(тиркеме тиркелет).
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет,экономика,муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К.Камчибеков |