ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Жазы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги он бешинчи сессиясы
2023-жылдын 13-январындагы № 14/76
Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга реаблитациялык борбор куруу жөнүндө
Жазы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жолоевдин Өзгөн шаарынын жумушчу шаарчасына кошумча башкы план түзүлүп башкы план боюнча жеке турак жайга берилгендигин, кызматтык үй үчүн Өзгөн райондук прокуратурасына 0,04гадан үч жер тилкеси жалпы 0,12 га жер бөлүнүп берилгендигин учурда ошол жерди Өзгөн райондук прокуратурасы тарабынан кайра кайтарылып берилгендигин, ошол жерге мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга реаблитациялык борбор куруу жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап Жазы айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1. Жазы айыл өкмөтүнө караштуу Өзгөн шаарынын жумушчу шаарчасындагы
№ 25 кварталындагы 1,2,3 жер тилкелерине жалпы 0,12 га жерге мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн реаблитациялык борбор курууга уруксат берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жолоевге жүктөлсүн.
Төрага | К.Камчибеков |