Редакцияот 13.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Жазы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги он бешинчи сессиясы

 

 

2023-жылдын 13-январындагы № 14/78

 

Жазы айыл өкмөтүнүн 2023-жылга айыл өкмөтүнүн бюджетин бекитүү жана 2024-2025-жылдарга болжолдуу долбоорун бекитуу жөнүндө

Жазы айыл өкмөтүнүн 2023-жылга айыл өкмөтүнүн бюджетин бекитүү жана 2024-2025-жылдарга болжолдуу долбоорун кароо жөнүндө маселе Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик Кодексинин 99- беренесинин 2-пунктуна жана ушул эле кодекстин 102-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жергиликтуу оз алдынча башкаруу жонундо мыйзамынын негизинде финансы экономика боюнча коммиссияда каралып, алардын талкуусунда негизинде тузулгондугун эске алып, Жазы айылдык Кенешинин VII-чакырылыштагы 15- сессиясы

 

Т О К Т О М К Ы Л А Т

 

1. 2023-жылы Жазы айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгү -36334,1 миң сомго жана чыгаша бөлүгү – 36334,1 аткарылгандыгы белгиленсин.

2. Айыл өкмөтүнүн 2024-2025-жылдарга жактырылган болжолдуу көрсөткүчтөрү №2 тиркемеге ылайык бекитилсин жана ар бир так мезгилде аларды кабыл алууда такталууга жатаары белгиленсин.

3. Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жөнүндө Мыйзамынын 21-беренесине ылайык айыл өкмөтүнүн резервдик фонду 363,5 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.

4. Жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдарына 2024-2025-жылдарга жергиликтүү бюджеттердин чыгашаларын каржылоо биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер(эмгек акы,социалдык фондко чегерүү,

5. тамак-аш, дары-дармек жана милдеттүү медициналык камсыздандырууга чегерүүлөр), коммуналдык кызматтар(электр энергия,комүр,суу) боюнча жүзөгө ашыруу сунушталсын.

6. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары теңдөөчү гранттарды биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча чыгашаларды толук каржылоого багытталсын.

7. Республикалык бюджеттен теңдөөчү гранттардын эсебинен Коммуналдык чыгашаларды толук каржылоого багытталсын.

8. Бюджеттик мекемелер,чарба жүргүзүүчү субьектер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан максаттуу багытталышы боюнча пайдаланбаган Кыргыз Республикасынын республикалык бюджеттин каражаттары тиешелүү бюджеттерге өндүрүлүп алынаары белгиленсин.

9. Казына системасын четтеп өтүү менен атайын каражаттарды пайдаланууга тыюу салынсын.Көрсөтүлгөн тартип бузулганга атайын каражаттын 100% Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин кирешесине алынаары белгиленсин.

10. Айланма кассалык калдык (оборотная кассовая наличность) айыл өкмөтүнүн бюджети боюнча жүргүзүлгөн накталай акча каражаты 2023-жылдын 1-январына карата 100,0 мин сом өлчөмүндө белгиленсин.

11. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет,экономика жана муниципиалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага

К.Камчибеков