Загрузка документа…
АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 9-октябры №31
Ак-Сай айыл өкмөтүнүн 2025-жылга карата жергиликтүү бюджетинин сметасына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө.
Ак-Сай айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын у.м.а Ниязбеков Тариелдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Сай айыл өкмөтүнүн 2025-жылга карата жергиликтүү бюджетинин сметасына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү максатында, бир канча талкуулардын жана бюджет жана экономикалык өнүгүү боюнча комитетинин корутундусунун негизинде, Ак-Сай айылдык кеңеши токтом кылат:
Аппарат бөлүмүнүн 2215 беренесинен 2214 беренесине 30000(отуз миң) сом, 3111 беренесинен 2231 беренесине 60000 (алтымыш миң) сом, 2221беренесинен 2222 беренесине 150000 (жүз элүү миң) сом кошулуп көбөйтүлүп берилсин.
1. Ушул токтомдун аткарылышы айылдык кеңештин экономикалык жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
2. Бул токтом .ak-say.gov.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министирлигин ченемдик укуктук актыларынын реестирине каттоого Баткен юстиция башкармалыгына тапшыруу айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.
Тѳрайым | Ш.Омурова
|