Загрузка документа…
АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 9-октябры №31
Кезектеги IV Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйынга делегаттарды көрсөтүү жана өкүлчүлүктүү жыйынды уюштуруу жөнүндө.
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Элдик Курултай жѳнүндѳ” конституциялык Мыйзамынын, КРнын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрыдагы №270 “Кезектеги IV Элдик Курултайды ѳткѳрүү жѳнүндѳ” Жарлыгынын, КРнын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ” Мыйзамынын 61-беренесине ылайык, Ак-Сай айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Өкүлчүлүктүү жыйындын делегаттарынын Ак-Сай айыл аймагы боюнча жалпы саны 50 адам деп белгиленсин.
2. Өкүлчүлүктүү жыйынды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобунун курамы 1-тиркемеге ылайык 7 адамдан деп бекитилсин.
3. Өкүлчүлүктүү жыйынга делегаттарды шайлоо боюнча Ак-Сай айыл аймагы 2-тиркемеге ылайык ченемдерге бөлүнсүн.
4. Өкүлчүлүктүү жыйынга делегаттарды шайлоо боюнча уюштуруу комитетинин календардык планында аныкталган мөөнөткө ылайык жарандардын жыйындарын жана чогулуштарын өткөрүү гафиги жана алардан шайлануучу делегаттардын өкулчүлүктүү нормалары 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. Өкүлчүлүктүү жыйындын делегаттарын шайлоо боюнча ар бир жыйындарды жана чогулуштарды өткөрүүгө жооптуу Ак-Сай айылдык кеңешинин депутаттарынын тизмеси 4-тиркемеге ылайык бекитилсин.
6. Ак-Сай айыл өкмөтү өкүлчүлүктүү жыйынга катышуучуларды шайлоо боюнча коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйындары жана чогулуштары өтө турган күн, убакыт жана жай жөнүндө массалык маалымат каражаттары, соц тармактар жана башка булактар аркылуу жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүн кабардар кылсын.
7. Жыйындар жана чогулуштар өтүүчү жайды аныктап, тиешелүү техникалык жабдыктар менен камсыздоо Ак-Сай айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
8. Өкүлчүлүктүү жыйын 2025-жылдын 1-ноябрында саат 10:00 дө Ак-Сай айылынын маданият үйүндө өткөрүлсүн.
9. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды..
10. Кыргыз Республикасынын Юстиция министирлигин ченемдик укуктук актыларынын реестирине каттоого Баткен юстиция башкармалыгына тапшыруу айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин
11. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.
Тѳрайым | Ш.Омурова
|
Ак-Сай айылдык кеңешинин 9.10.2025-жылдагы уюштуруу сессиясынын
№32токтомуна 1-тиркеме
Ак-Сай айыл аймагында Кезектеги IV Элдик Курултайга делегат шайлоо боюнча Өкүлчүлүктүү жыйынды уюштуруу жана өткөрүү үчүн жумушчу топтун курамы
№ | Ф.А.А | Кызматы |
1 | Ш.Омурова | айылдык кеңештин төрайымы |
2 | Баймуратов К | айылдык кеңештин жооптуу катчысы |
3 | Исакова Г | айыл өкмөтүнүн орун басары-жооптуу катчысы |
4 | А.Азимов | айылдык кеңештин төрагасынын орун басары |
5 | Ч.Шайдуллаев | Капчыгай айылынын айыл башчысы |
6 | К.Халматов | Көк-Таш айылынын айыл башчысы |
7 | Авазбек уулу А | Миң-Өрүк айылынын айыл башчысы |
Жооптуу катчы К.Баймуратов
Ак-Сай айылдык кеңешинин 9.10.2025-жылдагы уюштуруу сессиясынын
№32токтомуна 2- тиркеме
Өкулчүлүктүү жыйынга делегаттарды шайлоо боюнча Ак-Сай айыл аймагынын ченемдерге бөлүнүү
№ | Шайлоо участкаларынын аталышы
| Калктын саны |
1 | Ак-Сай шайлоо участкасы | 1698 |
2 | Капчыгай шайлоо участкасы | 631 |
3 | Көк –Таш шайлоо участкасы | 1940 |
4 | Мин-Булак шайлоо участкасы | 1165 |
5 | Мин-Өрүк шайлоо участкасы | 962 |
| жалпы | 6396 |
Жооптуу катчы К.Баймуратов
Ак-Сай айылдык кеңешинин 9.10.2025-жылдагы уштуруу сессиясынын № 32 токтомуна 3-тиркеме
Ак-Сай айыл аймагында Өкүлчүлүктүү жыйынга делегаттарды шайлоо боюнча уюштуруу комитетинин чогулуштарын өткөрүүнүн графиги
№ | Айылдардын аталышы | Чогулуш өтүү убактысы | Чогулуш өтүүчүү жай | жооптуулар | |
күнү | сааты | ||||
1 | Ак-Сай | 20-октябрь. | 11:00 | Ак-Сай маданият үйү | Капчыгай айылынын айыл башчысы Ч.Шайдуллаев |
2 | Капчыгай | 20-октябрь | 11:00 | -----//----------- | Капчыгай айылынын айыл башчысы Ч.Шайдуллаев |
3 | Көк-Таш | 21-октябрь | 14:00 | Ш.Ганы орто мектеби | Көк-Таш айылынын айыл башчысы К.Халматов |
4 | Мин-Булак | 22-октябрь | 11:00 | Миң-Булак негизги мектеби | Мин-Өрүк айылынын айыл башчысы Авазбек уулу А |
5 | Мин-Өрүк | 22-октябрь | 14:00 | Мин-Өрүк негизги мектеби | Мин-Өрүк айылынын айыл башчысы Авазбек уулу А |
Жооптуу катчы К.Баймуратов
Ак-Сай айылдык кеңешинин 9.10.2025-жылдагы уюштуруу сессиясынын №32 токтомуна 4-тиркеме
Өкүлчүлүктүү жыйындын катышуучуларын шайлоо боюнча коомдоштуктун өкулчүлүктүү жыйындарын жана чогулуштарды өткөрүүгө жооптуу Ак-Сай айылдык кеңешинин депутаттарынын тизмеси
№ | Айылдардын аталышы | Жооптуу депутатта | Байланыш номерлери |
1 | Ак-Сай | Саттаров С |
|
2 | Капчыгай | Саматов Р |
|
3 | Көк-Таш | Каработоева А |
|
4 | Мин-Булак | Каракашов А |
|
5 | Мин-Өрүк | Бахап уулу М |
|