Загрузка документа…
АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 18-сентябры №28
Салык боюнча Кз зоналдык коэфциентинин өлчөмүн белгилөө жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын Баткен району боюнча башкармалыгын жетекчиси З.Сапаровдун берген катынын негизинде Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 388-жана 404-беренелерине ылайык Ак-Сай айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Ак-Сай айыл өкмөтүнүн аймагындагы имараттар,курулмалар жана жайлар үчүн жана калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерге мүлк салыгын эсептөө үчүн Кз коэфциенти 1.0 гө барабар болуп кабыл алынсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышы Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
3. Бул токтом .ak-say.gov.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
5. Кыргыз Республикасынын Юстиция министирлигин ченемдик укуктук актыларынын реестирине каттоого Баткен юстиция башкармалыгына тапшыруу айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Ак-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин финансы,бюджет жана экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрайым | Ш.Омурова
|