Загрузка документа…
АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 18-сентябры №29
Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринин ижара акысынын өлчөмүн белгилөө жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү оз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы С.Астанакуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Сай айылдык КеңешининVII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы №309 Токтомунуннегизинде, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин мөөнөтсүз пайдалануусуна өткөрүлүп берилген жерлеринин ижара акысын белгилөөдөгү формуладагы К-коэффициет төмөнкүдөй белгиленсин:
Катар № | Жердин жайгашкан жери | Жердин контуру | Жердин аянты,га | Жердин түрү | К-коэффициент |
1 | Төө-Таш | 4 | 7,7 | Сугат айдоо | 20 |
2 | Көчөкарын | 51ч | 2,8 | Сугат айдоо | 20 |
3 | Ак-Сай | 57 | 15,3 | Көп жылдык бак | 30 |
4 | Көк-Таш | 928 | 3,2 | Көп жылдык бак | 30 |
5 | Рават | 4621 | 27,5 | Кайрак айдоо | 30 |
2. Ак-Сай айыл өкмөтүнүн аймагындагы айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнчатоорукту (аукцион, конкурс) уюштурууга жана өткөрүүгө 10000 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
4. Кыргыз Республикасынынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларыны реестирине каттоого Баткен юстиция башкармалыгына тапшыруу жагы айылдык кенештин катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтом .ak-say.gov.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин Айыл-чарба, агро-өнөр жайы, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жаратылышты коргоо боюнча комиссиясына жана Ак-Сай айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
Тѳрайым | Ш.Омурова
|