Загрузка документа…
АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 18-сентябры №30
Ак-Сай айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдарды абатташтыруу жөнүндө
Айыл аймактын аймагындагы айылдарды акыр чикирлерден арылтуу жана тазалоо иш чараларыга байланыштуу КРнын “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 114,115-беренелерине ылайык, Ак-Сай айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Калктуу конуштагы аймакты абатташтыруу эрежелерин бузуу, ошондой эле ошол аймакта тазалыкты, тартипти камсыз кылуу жана курулуш эрежелерин сактабаган атуулдарга мыйзамга ылайык чаралар көрүлсүн.
2. Белгиленбеген жерлерге таштандыларды таштоо, өрттөө, курулуш жана тиричилик таштандыларын белгиленбеген жерге таштагандыгы үчүн жеке жана юридикалык жактарга Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар”мыйзамынын негизинде айып пулдар салынуусуна макулдук берүү.
3. Ушул токтомдун аткарылышы Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
4. Бул токтом .ak-say.gov.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
6. Кыргыз Республикасынын Юстиция министирлигин ченемдик укуктук актыларынын реестирине каттоого Баткен юстиция башкармалыгына тапшыруу айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
7. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Ак-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук, укук, тартипти чыңдоо, кеңештин иштери жана депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Тѳрайым | Ш.Омурова
|