Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 23-сентябры №59
Мамлекеттик фондунун айыл чарба жерлеринин ижара акысынын өлчөмүн белгилөө жөнүндө.
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-39-беренелерине ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин Транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алып, Кара-Бак айылдык кеңеши токтом кылат
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-ж 17-декабрындагы №309 Токтомунун негизинде Кыргыз Республикасынын Суу Ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин мөөнөтсүз пайдалануусуна өткөрүлүп берилген сугат айдоо жерлеринин ижара акысын белгилөө формуладагы К-коэфициент 20 болуп белгиленсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
3. Токтом kara-bak.gov.kg расмий сайтына жарыялсансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен олустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.
Төрага | А.Дилишатов |