Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 23-сентябры №68
Салык боюнча зоналдык коэфициенттин өлчөмүн белгилөө жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-39-беренелеринин негизинде, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын Баткен району боюнча башкармалыгынын жетекчиси З. Сапаровдун 09.09.2025. №024/25/543 катынын негизинде Кыргыз Республикасынын Салык кодексиин 388-404-беренелерине ылайык Кара-Бак айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кара-бак айыл өкмөтүнүн аймагында Кз зоналдык коэфициентти төмөнкүдөй өлчөмдө бекитилсин.
· Имараттар, курулмалар, жана жайлар үчүн -1,2
· Калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытында эмес жерлерге мүлк салыгын эсептөө үчүн – 0,6
2. Токтом kara-bak.gov.kg расмий сайтына жарыялсансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен олустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагыфинансы, экономика жана бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.
Төрага | А.Дилишатов |