Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 15-октябры №70
Жер аянтын муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 19-беренсине ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин Транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алып, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-39-беренелеринин негизинде Кара-Бак айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Кызыл-Бел айылында административдик имарат куруу үчүн калтырылган 0,13 га жер аянтын муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берилсин.
2. Токтом kara-bak.gov.kg расмий сайтына жарыялсансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен олустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин Транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.
Төрага | А.Дилишатов |