Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 15-октябры №71
“Тынчтык жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын аткаруу жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы №54 Жарлыгынын жана “Тынчтык жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине таянып, Кара-Бак айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы №54 Жарлыгынын жана “Тынчтык жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын ишке ашыруу максатында, калктын тынчтыгын жана эс алуу убактысын камсыз кылуу тартиби жөнүндө Жобосу 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Айыл аймакта калктын тынчтыгын жана эс алуу убактысын камсыз кылуу тартиби тууралуу Жобонун аткарылышын жана ирээтке келтирүү жагы Кара-Бак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына, Кара-Бак аймактык милиция бөлүмүнө, Бузуулар боюнча түзүлгөн комиссиясына, Коомдук алдын алуу борборуна, милдеттендирилсин.
3. Токтом kara-bak.gov.kg расмий сайтына жарыялсансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен олустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук, укук тартибин чындоо этика жаштар, коомдук саясий жана мамлекеттик эмес уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.
Төрага | А.Дилишатов |