Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 15-октябры №72
Кара-Бак айыл аймагынын “Ардактуу Атуулу” наамын берүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-июлундагы №157 “мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндө” мыйзамынын, Кара-Бак айыл аймагынын “Ардактуу Атуул” наамын берүү боюнча жобосунун негизиндеКара-Бак айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук, укук тартибин чындоо этика жаштар, коомдук саясий жана мамлекеттик эмес уюмдар менен иштөө боюнча туруктуукомиссиясынын корутундусунун эске алып, Кара-Бак айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кызыл-Бел айылынын тургундары Айдарова Алмаш жана Шакирова Шаадатхандын көп жылдык талыкпаган эмгеги, айылдын билим берүү, маданият, өспүрүм балдарга таалим тарбия берүүдө жана айылдын турмушун жакшыртууга кошкон зор салымдарын эске алуу менен Кара-Бак айыл аймагынын “Ардактуу Атуулу” наамы берилсин.
2. Токтом kara-bak.gov.kg расмий сайтына жарыялсансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен олустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук, укук тартибин чындоо этика жаштар, коомдук саясий жана мамлекеттик эмес уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.
Төрага | А.Дилишатов |