Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 15-октябры №75
Кара-Бак айыл өкмөтүнө жергиликтүү бюджетинин 2025-жылдын VI-кварталына түрдүү булактардан ашыкча түшкөн кирешелердин эсебинен генератор сатып алуу жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин негизинде Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-39-беренелерине ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин Экономика-финансы, бюджет, салык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алып, Кара-Бак айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кара-Бак айыл өкмөтүнүн ишмердигин үзгүлтүккө учуратпай элге кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу үчүн жергиликтүү бюджетинин 2025-жылдын IV-кварталына карата, 9-айдын ичинде жергиликтүү бюджетке, түрдүү булактардан ашыкча түшкөн кирешелердин эсебинен 400 000 сомго генератор сатып алууга макулдук берилсин.
2. Токтом kara-bak.gov.kg расмий сайтына жарыялсансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен олустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагыфинансы, экономика жана бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.
Төрага | А.Дилишатов |