Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 15-октябры №76
“Кайынды энерго” ЖЧК ишканасына Дөгмөн участкасынан 10 кв электр лииясын Кара-Бак айыл өкмөтүнүн аймагы аркылуу 848 метр аралыкка тартууга макулдук жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-39-беренелеринин негизинде, Кара-Бак айылдык кеңешинин Транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алып Кара-Бак айылдык кеңеши токтом кылат:
1. “Кайынды энерго” ЖЧК ишканасына Баткен шаарына караштуу Дөгмөн участкасына курула турган кичи ГЭС тен 10 кв электр лииясын Кара-Бак айыл өкмөтүнүн аймагы аркылуу 848 метр аралыкка тартууга макулдук берилсин.
2. Токтом kara-bak.gov.kg расмий сайтына жарыялсансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен олустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Бак айылдык кенешинин транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.
Төрага | А.Дилишатов |