ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Жазы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги он алтынчы сессиясы
2023-жылдын 14-февралындагы № 16/82
Жазы жайыт комитетинин 2023-жылга карата түзүлгөн шарттуу мал башына жайыт акыны, кыйыр салыктарды бекитүү жөнундө
Жазы жайыт комитетинин төрагасы Т.Касымалиевдин 2023-жылга карата шарттуу мал башына жайыт акыны жана кыйыр салыктар жөнундө маалыматын угуп жана талкуулап Жазы айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1. Каргаша участогу, Ак-Там,Чаар-Таш,Тогуз-Булак,Темир коргон,Кулак,Шамурат участогу жана ортоңку жайыттар Казган башат, Кара-Жыгач,Демик участокторунун 2023-жылга карата жайыт пайдалануучуларынын(мал багуучу) акы төлөмдөрү төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:
- Жылкы бир баш үчүн 150(жүз элүү)сом
- Ири мүйүздүү малга бир баш үчүн 150(жүз элүү)сом
- Кой,эчки бир баш үчүн 35(отуз беш) сом
2. Башка айыл өкмөттөн келген мал жандыктарга акы төлөмү
- Жылкы бир баш үчүн 300 (үч жүз)сом
- Ири мүйүздү малдарга бир баш үчүн 300(үч жүз) сом
- Кой,эчкилерге бир баш үчүн 50(элүү)сом
Төрага | К.Камчибеков |