ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Жазы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги он алтынчы сессиясы
2023-жылдын 14-февралындагы № 16/84
“Жазы аймактык Таза-Суу” муниципалдык ишканасы, Суу пайдалануучулар асоциясы(СПА), Жазы жайыт комитети “ Жазы Тазалык” муниципалдык ишканасы төлөмдөрүн терминал аркылуу жүргүзүүсү жөнүндө
Жазы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Токторбаеванын Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнун 2022-жылдын 30-декабрындагы “мамлекеттик жана муниципалдык кызмат корсөтүүлр үчүн төлөмдөрдү накталай эмес формада кабыл алуу жөнүндө” №52-107 буйругу менен тааныштырып айыл аймагындагы “Жазы аймактык Таза-Суу” муниципалдык ишканасы, Суу пайдалануучулар асоциясы(СПА),Жазы жайыт комитети, “Жазы Тазалык” муниципалдык ишканаларынын төлөмдөрүн терминал аркылуу жүргүзүүсү жөнүндөгү сунушун угуп жана талкуулап Жазы айылдык кенеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнун 2022-жылдын 30-декабрындагы №52-107 буйругун, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы №680/66-6 “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү накталай эмес формада кабыл алуу жөнүндө “ токтомунун негизинде “Жазы аймактык Таза-Суу” муниципалдык ишканасы, Суу пайдалануучулар асоцациясы(СПА), Жазы жайыт комитети“, Жазы Тазалык” муниципалдык ишканаларынын кызмат көрсөтүү төлөмдөрү терминал аркылуу жүргүзүлсүн.
2. Токтомду аткаруу Жазы аймактык Таза-Суу” муниципалдык ишканасы, Суу пайдалануучулар асоцациясы(СПА), Жазы жайыт комитети, “Жазы Тазалык” муниципалдык ишканаларынын жетекчилерине милдеттендирилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет,экономика,муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К.Камчибеков |