ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Жазы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги он жетинчи сессиясы
2023-жылдын 14-апрелиндеги № 17/86
Кара-Дыйкан айылынын тургуну А.Паизовдун менчигиндеги 0,25га жерин Жазы айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүү жөнундө
Жазы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Балтабаевдин Кара-Дыйкан айылынын тургуну Паизов Абдылбакынын өзүнүн менчигиндеги жерди бала бакча куруу үчүн 0,25г жерин Жазы айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндөгу арызы менен тааныштырды. Жазы айылдык кеңеши А.Паизовдун арызы талкуулап төмөндөгудөй
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1. Кара-Дыйкан айылынын тургуну А.Паизовдун менчигиндеги 0,25га жер өз макулдугунун, арызынын негизинде бала бакча куруу үчүн Жазы айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүлүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жолоевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жазы айылдык кеңешинин айыл чарба, энергетика, курулуш, транспорт жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К.Камчибеков |