ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Жазы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги он сегизинчи
2023-жылдын 18-майындагы № 18/89
Кара-Дыйкан айылына жаңы курула турган тейлөө борборуна акча которуу жөнүндө
Жазы айыл өкмөтүнун башчысы А.Жолоевдин 2023-жылда Кара-Дыйкан айылына кичи футбол аянтчасын курууга жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилген 3500,0 миң сом акча каражатын Кара-Дыйкан айылында курулуучу калкты телөө борборуна которуп берүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап Жазы айылдык кенеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1. Кара-Дыйкан айылына 2023-жылы кичи футбол аянтчасын курууга жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилген 3500,0 миң сом акча каражаты Кара-Дыйкан айылында курулуучу калкты телөө борборуна которулуп берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин бюджет, экономика жана муниципиалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К.Камчибеков |