Редакцияот 30.12.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги  II сессиясы

 

   2024-жылдын 30-декабры № 2-02

Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын жергиликтүү бюджетинин долбоорунун болжолу боюнча коомдук угууларды өткөрүү жөнүндө

 

 

  Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын жергиликтүү бюджетинин долбоорунун болжолу боюнча коомдук угууларды өткөрүү жөнүндөгү маселени депутаттардын талкуусун угуп, Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодексинин” 79-жана 127-беренелерине ылайык Кыргыз-Ата айылдык кеңеши токтом кылат:

 

 

 

1.Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын жергиликтүү бюджетинин

долбоорунун болжолу боюнча коомдук угууларды уюштуруу жана өткөрүү айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

 

2.Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын жергиликтүү бюджеттин долбоорун иштеп чыгуу жана экономикалык-социалдык өнүгүү планын даярдоо Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

 

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин экономика, бюджет, салык жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын:

Төрага:

Б. Дуйшоев