Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги XIII сессиясы
2025-жылдын 6-ноябрь №14-1
“Айыл банк” ААКка тиешелүү болгон жер аянтынан сырткары муниципалдык менчиктеги 28,2 чарчы метр жер аянтын мыйзамдаштырып берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 149 Жер кодексинин 30-беренесинин 2-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 39-беренесине ылайык курулуш, транспорт, өнөр-жай, соода-сатык, энергетика, турак жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнча туруктуу комиссиянын 2025-жылдын 3-ноябрындагы №13 корутундусунун негизинде Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши, токтом кылат:
1. “Айыл банк” ААК Нарын филиалына караштуу Ат-Башы аймактык өкүлчүлүгүнө таандык Ат-Башы айылы, А. Сулайманов көчөсү №16 дарегинде жайгашкан имаратка тиешелүү жер тилкесинин мамлекеттик актыда көрсөтүлгөн аянттан тышкары, муниципалдык менчиктеги 9,7 чарчы метр жана 18,5 чарчы метр же жалпы 28,2 чарчы метр жер аянтыбекитилип берилсин.
2. Бул токтомду каттоодон өткөрүп, atbashy.org.kg сайтына расмий жарыялап, Нарын облустук юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н. Кемеловага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы курулуш, транспорт, өнөр-жай, соода-сатык, энергетика, турак жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | У. Мелис уулу |