Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылыштагы депутаттарынын кезектеги XIII сессиясы
2025-жылдын 6-ноябрь №14-3
“Ат-Башы – Нарын – Ат-Башы” каттамында такси кызмат акысынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 39-беренесине ылайык бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиянын 2025-жылдын 4-ноябрындагы №7 корутундусунун негизинде, ошондой эле Ат-Башы айыл аймагында жүргүнчүлөрдү ташуу кызматтарын тартипке келтирүү жана “Ат-Башы Taxi” жоопкерчилиги чектелген коомунун күйүүчү-майлоочу майлардын жана авто тетиктердин кымбаттагандыгына байланыштуу жол кирени жогорулатып берүү жөнүндөгү кайрылуусун карап чыгып Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши, токтом кылат:
1. “Ат-Башы – Нарын – Ат-Башы” каттамында жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча такси кызматын көрсөтүүчү айдоочулардын кызмат акысы 200 (эки жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Такси кызматын көрсөтүүдө колдонулган автоунаалардын орун санына (4 орундуу же 7 орундуу)карабастан жол акысыбирдиктүүболуп эсептелсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышы Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевге жүктөлсүн.
4. Бул токтомду каттоодон өткөрүп, atbashy.org.kg сайтына расмий жарыялап, Нарын облустук юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н. Кемеловага жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага |
У. Мелис уулу |