Загрузка документа…
| 3-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592 токтому менен бекитилди) |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине
караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жөнүндө
жобо
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-июлундагы № 496, 2026-жылдын 30-сентябрындагы № 658 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жөнүндө жобо (мындан ары – Жобо) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын (мындан ары – МБК) ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.
2. МБК Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын укук улантуучусу болуп эсептелет.
3. МБК Кыргыз Республикасында бажы ишине түздөн-түз жетекчилик кылуучу жана бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын функцияларына жана аскерлештирилген укук коргоо органынын статусуна ээ болгон Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы болуп саналат.
4. МБК өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
5. МБК Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча уставдык капиталында мамлекетке таандык акциялар (үлүштөр) бар чарбалык коомдордо уюштуруучунун, акционердин (катышуучунун) ыйгарым укуктарын ишке ашырат.
6. МБК өз ишин мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана жеке жактар менен өз ара аракеттенүү аркылуу жүргүзөт.
7. МБК юридикалык жак болуп саналат, өз алдынча балансы, обочолонгон мүлкү, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн жана мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, ошондой эле белгиленген тартипте ачылган эсептери бар.
Уюштуруучулук-укуктук формасы – оперативдүү башкаруу укугунда түзүлгөн мамлекеттик мекеме.
8. Толук фирмалык аталышы:
1) мамлекеттик тилде: “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы”;
2).расмий тилде: “Государственная таможенная служба при Кабинете Министров Кыргызской Республики”.
9. Кыскартылган аталышы:
1) мамлекеттик тилде: “МБК”;
2) расмий тилде: “ГТС”.